Аксыда мөндүр жаап, бак-дарактар кулады
Бөлүшүү:
Аксынын Кара-Суу айыл аймагында катуу шамал болуп, мөндүр жаап бир нече бак-дарактар кулады. Бул туурасында убактылуу айыл өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сатыбай Тууганбаев билдирди.
Аксынын Кара-Суу айыл аймагында катуу шамал болуп, мөндүр жаап бир нече бак-дарактар кулады.
Анын айтымында 12-июлда болжол менен саат 19.00дөрдө Топ-Жаңгак, Чалдыбар, Жүзүмжан айылдарында көлөмү алчадай болгон мөндүр жааган. "Алгач катуу шамал болуп анын артынан эле мөндүр катуу жаап өттү. Мунун кесептенен бак-дарактар кулап, бир үйдүн чатырын учуруп кеткен. Арыктардан сел кетип унаа жолдорду бөгөп калды. Азыр айылдарды кыдырып жүрөбүз. Келтирилген зыяндар толук тактала элек", — деди Тууганбаев.
Ошондой эле ал жабыр тарткан жарандар жок экенин кошумчалады.
Ал эми ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов аталган айылга жарандык коргонуу кызматы жөнөп кеткенин билдирди.
Булак:Sputnik
Ссылка: https://barometr.kg/content3911
Добавить комментарий ×