Аксыда мөндүр жаап, бак-дарактар кулады

13 июля 2017 09:46 640 Barometr
Поделиться в:
ok
 
Аксынын Кара-Суу айыл аймагында катуу шамал болуп, мөндүр жаап бир нече бак-дарактар кулады. Бул туурасында  убактылуу айыл өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сатыбай Тууганбаев билдирди. 
 
Аксынын Кара-Суу айыл аймагында катуу шамал болуп, мөндүр жаап бир нече бак-дарактар кулады.
 
Анын айтымында 12-июлда болжол менен саат 19.00дөрдө Топ-Жаңгак, Чалдыбар, Жүзүмжан айылдарында көлөмү алчадай болгон мөндүр жааган. "Алгач катуу шамал болуп анын артынан эле мөндүр катуу жаап өттү. Мунун кесептенен бак-дарактар кулап, бир үйдүн чатырын учуруп кеткен. Арыктардан сел кетип унаа жолдорду бөгөп калды. Азыр айылдарды кыдырып жүрөбүз. Келтирилген зыяндар толук тактала элек", — деди Тууганбаев. 
Ошондой эле ал жабыр тарткан жарандар жок экенин кошумчалады. 
 
Ал эми ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов аталган айылга жарандык коргонуу кызматы жөнөп кеткенин билдирди.
 
Булак:Sputnik

Ссылка: https://barometr.kg/content3911



Добавить комментарий