Жапайы өскөн кара куурай жок кылынды

4 июль 2017 09:31 622 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бакай-Ата районунун аймагынан жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу иш-чарасы өттү.  Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Миң-Булак айылынын талаасынын 1,5 гектар ээлеген жерин жапайы өскөн 2 миң тонна баңги каражаты өрттөлдү.

Баңги-өлкөнүн туруктуулугуна, коомдун жана жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бул иш-чаранын максаты элдин арасында баңгиге каршы үгүттөө жана баңги каражатын колдонууга жол бербөө болуп саналат.

Баңги каражатын толугу менен өрттөөгө Бакай-Ата райондук милициясы жана Талас областы боюнча Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, жергиликтүү бийликтин катышуучулары көзөмөлгө алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content3443



Добавить комментарий