Жапайы өскөн кара куурай жок кылынды
Поделиться в:
Бакай-Ата районунун аймагынан жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Миң-Булак айылынын талаасынын 1,5 гектар ээлеген жерин жапайы өскөн 2 миң тонна баңги каражаты өрттөлдү.
Баңги-өлкөнүн туруктуулугуна, коомдун жана жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бул иш-чаранын максаты элдин арасында баңгиге каршы үгүттөө жана баңги каражатын колдонууга жол бербөө болуп саналат.
Баңги каражатын толугу менен өрттөөгө Бакай-Ата райондук милициясы жана Талас областы боюнча Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, жергиликтүү бийликтин катышуучулары көзөмөлгө алышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content3443
Добавить комментарий ×