Ак-Түз кенинде иш токтотулду, митингге чыгышты
Бөлүшүү:
Бүгүн, 28-июнда саат 8де «ТК Георезерв» жабык акционердик коомунун жумушчулары “Ак-Түз” кен байытуучу фабриканын ишин токтотушту. Алар айлык акыны, атайын кийимди жана эмгек келишимдерин кайра түзүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу Barometr.kg булагына КРнын Тоо-металлургия профсоюзунун төрагасы Эльдар Таджибаев билдирди.
Анын айтымында, жумушчуларын нааразылыгына кесиптер бирлигинин төрагасы Майчиев Догдурбекти негизсиз жумуштан бошотушканы себеп болгон.
Буга чейин, 23-майда да Кемин районундагы Ак-Түз кенинде жумушчулардын укуктарын бузулуп жатканы тууралуу нааразылык пайда болуп, митинг өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content3232
Добавить комментарий ×