Ак-Түз кенинде иш токтотулду, митингге чыгышты

28 июня 2017 14:56 371 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 28-июнда саат 8де «ТК Георезерв» жабык акционердик коомунун жумушчулары “Ак-Түз” кен байытуучу фабриканын ишин токтотушту. Алар айлык акыны, атайын кийимди жана эмгек келишимдерин кайра түзүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу  Barometr.kg  булагына КРнын Тоо-металлургия профсоюзунун төрагасы Эльдар Таджибаев билдирди.

Анын айтымында, жумушчуларын нааразылыгына кесиптер бирлигинин төрагасы Майчиев Догдурбекти негизсиз жумуштан бошотушканы себеп болгон.

Буга чейин, 23-майда да Кемин районундагы Ак-Түз кенинде жумушчулардын укуктарын бузулуп жатканы тууралуу нааразылык пайда болуп, митинг өткөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3232



Добавить комментарий