Алайда 5 баллдык жер титирөө катталды
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Аталган кабарга таянсак, жер титирөө 26-июнда саат 06:39да катталган.
Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Алай районунда катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө, Нура айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3,5 балл сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content3152
Добавить комментарий ×