Алайда 5 баллдык жер титирөө катталды

27 июня 2017 10:52 418 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Аталган кабарга таянсак, жер титирөө 26-июнда саат 06:39да катталган.

Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Алай районунда катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө, Нура айылдарында  4 балл, Кара-Киндик айылында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3,5 балл сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор  катталган жок.  

Ссылка: https://barometr.kg/content3152



Добавить комментарий