«Биздин максат – химикаты жок, органикалык айыл чарбага ѳтүү»

18 апрель 2016 12:18 977 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргызстан  аградык ѳлкѳ  болгону менен,  акыркы жылдары   айыл-чарба тармагынан  аксап келет.  Адистер мунун себебин  айыл чарба тармагындагы  адистешкен  кадрлардын жетишпегени  менен  түшүндүрүшѳт.  Мындан улам,  келечектеги  кесип тандоо  алдында турган абитуриенттерге  агрардык тармак  жѳнүндѳ малымат берүүнү туура кѳрдүк.  

 Ѳлкѳдѳ  айыл чарба тармагын  окутуучу   негизги  Скрябин атындагы  Агрардык университетитен сырткары,  бир нече окуу жайларда да факультеттер бар. Алардын арасында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин  Айыл чарба факультетин айтсак болот. Бул факультет   бүгүн айыл чарба тармагындагы ѳсүмдүктѳрдү коргоого керектүү кандай адистерди даярдап жаткандыгы тууралуу Ѳсүмдүктү коргоо бѳлүмүнүн бѳлүм башчысы  Тинатин Дөөлөткелдиева айтып берди. «Ѳсүмдүктүн докторлору – фитопотологдор» «Биздин бѳлүмдүн негизги  максаты – айыл чарбы тармагына эң керектүү болгон «ѳсүмдүк докторлорун» даярдоо.  Ар бир ѳсүмдүк  ар кандай  зыянкечтер, илдеттер менен жабыркайт. Мындай  зыянкечтерге каршы  күрѳшүп, иш алып барган адистер керек. Мисалы, бадыраңдын жалбырагы соолуп калса, ал кандай ооруга чалдыкканын билип,  микроорганизмдерди бѳлүп алып, диагностика жасаган  адистерди – фитопотологдорду окутабыз.  Фитопотолог адиси   бүгүн Кыргызстанда жокко эссе».  99%  практикалык ишти талап кылат «Мындай иштер  99% лабораторияда жүрѳт.  Ѳсүмдүктѳгү зыянкеч организмдер ѳзүнчѳ бѳлүнүп алынат. Ар бир илдетке ат берилип, аларга каршы  күрѳшүү чаралары колдонулат.  Күрѳшүү химиялык, биологиялык же агротехникалык жолдор аркылуу жүргүзүлѳт.  Бул үчүн  практика жүргүзүүлүчү лабораториялар заманбап техникалар менен жабдууланышы зарыл. Биздин  факультетте мындай мүмкүнчүлүк түзүлгѳн. Студенттерибиз 2-курстан баштап,  ар түрдүү микроскоп жана приборлор менен  иштеп башташат.  Азыркы учурда иштеп жаткан  үч проектибиз бар. Алардын  бири  алма бактардын ар кандай илдеттерине каршы күрѳшүү. Ал үчүн  Ош, Чүй жана башка областтардан алма бактардын үлгүлѳрүн алдык.  Жаратылышка жана адамга зыянсыз болгон биологиялык коргоо чараларын  иштеп  чыгабыз. Эгерде дайым химиялык дарыларды колдонсок,  анда адамдын организмине жеген алмасы менен кошо химикаттар кирип, ооруларды пайда кылат.  Биздин максатыбыз -  химикат ордуна  биологиялык препараттарды иштеп чыгуу менен, органикалык айыл чарбага ѳтүү. Органикалык айыл чарба – химиядан четтѳѳ менен адамдын ден соолугуна зыянсыз болгон продукцияларды ѳндүрүү дегенди билдирет».                      

Айыл чарба адиси – башка кесиптерди баккан адис  «Ѳлкѳдѳ  фитопотолог адиститерин талап кылган  бир нече  мекемелер бар. Чоң мекеме катары «Ѳсүмдүктү коргоо жана химилизация департаментин» айтсак болот. Мындан сырткары, «Агроборбор» менен «Фитосанитардык контроль» лабораториясы бар. Ѳзгѳчѳ Кыргызстан Бажы союзунуа киргенден бери агрардык  адистикке муктаждык абдан ѳстү. Тилекке каршы, бүгүн айыл чарба кесибине болгон түшүнүк башка. Эмнегедир абитуриенттер юрист  же экономист болууну каалашат.  Бирок,  чынында айыл чарба адиси-бардык кесиптерди баккан адис болуп саналат.  Эгерде ѳзүбүздүн ѳлкѳбүздүн топурагын иштетүүнү билбей, туура сактай албасак, анда ѳлкѳ эмне болот? Ошондуктан коомдогу  кѳз карашты ѳзгѳртүп, агрардык тармак-бул кѳп тармактуу, заманбап илим экендигин түшүндүрүү зарыл. Кыргызстандын  экономикасынын 40%ы айыл чарба менен ѳнүгѳт. Канчалык ѳнѳр-жайга умтулганыбыз менен, эң биринчи кезекте ѳлкѳнү бага турган агрардык тармак калат. Мындан улам,  бизге бүгүн бул тармактагы заманбап адистер керек».                                                                                                                                                                                                        

Алия Назымова

Ссылка: https://barometr.kg/content290



Добавить комментарий