Ат-Башыда «Кыргыз шырдагы» деген эл аралык фестиваль өткөрүлөт
Бөлүшүү:
Нарын областынын Ат-Башы районунда 28-29-июнда «Кыргыз шырдагы» деп аталган эл аралык VII фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Фестивалда кийиз буюмдарды, улуттук тамак-аштарды жасоо боюнча чебер-класстар, конкрустар өтүп, жергиликтүү «Арууке», «Ак-Муз айымдары», «Арашан», «Казыбек айымдары» топторунун концерти болот.
Фестивалдын уюштуруучулары: Маданият, малымат жана туризи министрлиги, Ат-Башы райондук акимчилиги, «Алтын чөйчөк» кол өнөрчүлөр ассоциациясы.
Аталган долбоор тактап айтканда «Кыргыз шырдагы» фестивалы GIZ “Туруктуу экономикалык өнүгүүгө колдоо көрсөтүү” программасынын алкагында 2009-жылы иштелип чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/content2738
Добавить комментарий ×