Ат-Башыда «Кыргыз шырдагы» деген эл аралык фестиваль өткөрүлөт

16 июня 2017 13:09 579 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын областынын Ат-Башы районунда 28-29-июнда «Кыргыз шырдагы» деп аталган эл аралык VII фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 Фестивалда кийиз буюмдарды, улуттук тамак-аштарды жасоо боюнча чебер-класстар, конкрустар өтүп,  жергиликтүү «Арууке», «Ак-Муз айымдары», «Арашан», «Казыбек айымдары» топторунун концерти болот.

Фестивалдын уюштуруучулары: Маданият, малымат жана туризи министрлиги, Ат-Башы райондук акимчилиги, «Алтын чөйчөк» кол өнөрчүлөр ассоциациясы.

 Аталган долбоор тактап айтканда «Кыргыз шырдагы» фестивалы GIZ “Туруктуу экономикалык өнүгүүгө колдоо көрсөтүү” программасынын алкагында 2009-жылы иштелип чыккан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2738



Добавить комментарий