Москвада сууга чөгүп бараткан кыргызстандык аялды куткарып калышты
Бөлүшүү:
Москвада сууга түшүп кеткен кыргызстандык аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Москва боюнча жарандык коргоо иштери департаментинен кабарлашты.
Кечээ, 14-июнда Москванын түндүк-батышында саат 6.40та сууга түшүп кеткен аялды куткаруу тобу көрүп калган.
Жээктен 10 метр алыс турган аял суудан өз алдынча чыгууга аракет кылган. Куткаруучулар токтоосуз түрдө 1984-жылы туулган аялды куткарып чыгышып алгачкы жардам көрсөтүшкөн.
Ал эми чакырууга келген тез жардам кызматы аялды шаардагы 67-ооруканага жеткирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content2665
Добавить комментарий ×