Москвада сууга чөгүп бараткан кыргызстандык аялды куткарып калышты

15 июня 2017 12:31 437 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада сууга түшүп кеткен кыргызстандык аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Москва боюнча жарандык коргоо иштери департаментинен кабарлашты. 

Кечээ, 14-июнда Москванын  түндүк-батышында  саат 6.40та сууга түшүп кеткен аялды куткаруу тобу көрүп калган.   

Жээктен 10 метр алыс турган аял суудан өз алдынча чыгууга аракет кылган. Куткаруучулар токтоосуз түрдө 1984-жылы туулган аялды куткарып чыгышып алгачкы жардам көрсөтүшкөн.  

Ал эми чакырууга келген тез жардам кызматы аялды шаардагы 67-ооруканага жеткирди.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2665



Добавить комментарий