Кыргызстанга Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Рогозин келди

8 июнь 2017 11:04 469 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанга Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Рогозин  келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басарын  вице-премьер-министр Жениш Разаков тосуп алды.

Дмитрий Рогозин бүгүн, 8-июнда Бишкекте өтө турган эл аралык Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик жана экономикалык кызматташтык (ЖККУ) боюнча комиссиянын XV жыйынына катышмакчы. 

Ссылка: https://barometr.kg/content2346



Добавить комментарий