Кыргызстанга Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Рогозин келди
Поделиться в:
Кыргызстанга Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Рогозин келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басарын вице-премьер-министр Жениш Разаков тосуп алды.
Дмитрий Рогозин бүгүн, 8-июнда Бишкекте өтө турган эл аралык Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик жана экономикалык кызматташтык (ЖККУ) боюнча комиссиянын XV жыйынына катышмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/content2346
Добавить комментарий ×