Чет элдик туристтер куткарылды

7 июнь 2017 17:21 375 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда калып кеткен чет элдик туристтерге куткаруучулар жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2017-жылдын 6-июнь күнү катуу жааган жаандан Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 76-чакырымында жолго колоттон түшкөн сел суулары менен сел калдыктары түшүп, натыйжада жол эки тарабынан тосулуп, Жалал-Абад облусунан Нарын облусун көздөй эки мотоцикл менен бара жаткан чет элдик туристтер жолдо калып кетишкен.

Бүгүн,  7-июнь күнү  ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан жардам көрсөтүлүп, туристтерди өз багыты менен кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content2321



Добавить комментарий