Чет элдик туристтер куткарылды
Поделиться в:
Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда калып кеткен чет элдик туристтерге куткаруучулар жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2017-жылдын 6-июнь күнү катуу жааган жаандан Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 76-чакырымында жолго колоттон түшкөн сел суулары менен сел калдыктары түшүп, натыйжада жол эки тарабынан тосулуп, Жалал-Абад облусунан Нарын облусун көздөй эки мотоцикл менен бара жаткан чет элдик туристтер жолдо калып кетишкен.
Бүгүн, 7-июнь күнү ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан жардам көрсөтүлүп, туристтерди өз багыты менен кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content2321
Добавить комментарий ×