Рамазан айында сынак берүүчү окуучулардын тамактануусуна көңүл буруу сунушталды

22 май 2018 13:49 316 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги (БИМ) мугалимдерге ыйык Рамазан айына байланыштуу балдардын орозо кармоосу темасында ата-энелер чогулушун өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу БИМден кабарлашты.

Ведомстводогулар 2018-жылы Рамазан айы окуучулар, өзгөчө жогорку класстын окуучулары көчүүчү жана бүтүрүү сынактарын тапшыруудан улам акыл-эс жана психикалык жактан көп жүктү башынан өткөрүүчү окуу жылынын аягына туура келгендигин белгилешет.

“Буга байланыштуу мугалимдерге сынак берүү жана жождорго тапшыруу учурунда балдардын толук баалуу тамактануусу абдан маанилүү экендигине  ата-энелердин көңүлүн буруу сунушталат”,- деп белгилешти Билим берүү министрлиги.

Ссылка: https://barometr.kg/content14730



Добавить комментарий