Рамазан айында сынак берүүчү окуучулардын тамактануусуна көңүл буруу сунушталды
Поделиться в:
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги (БИМ) мугалимдерге ыйык Рамазан айына байланыштуу балдардын орозо кармоосу темасында ата-энелер чогулушун өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу БИМден кабарлашты.
Ведомстводогулар 2018-жылы Рамазан айы окуучулар, өзгөчө жогорку класстын окуучулары көчүүчү жана бүтүрүү сынактарын тапшыруудан улам акыл-эс жана психикалык жактан көп жүктү башынан өткөрүүчү окуу жылынын аягына туура келгендигин белгилешет.
“Буга байланыштуу мугалимдерге сынак берүү жана жождорго тапшыруу учурунда балдардын толук баалуу тамактануусу абдан маанилүү экендигине ата-энелердин көңүлүн буруу сунушталат”,- деп белгилешти Билим берүү министрлиги.
Ссылка: https://barometr.kg/content14730
Добавить комментарий ×