Гүлзат Батырканованы эскерүү концерти болот

16 май 2018 15:12 1035 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 16-майда Токтогул Сатылганов атындагы  филармонияда ырчы Гүлзат Батырканованы эскерүү концерти болот. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

“Апам жана мен” деп аталган эскерүү кечесине КРнын эл артисттери Замирбек Усенбаев, Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова, Анапия Райымбекова жана “Эл шайырлар” тобу катышат.

Ошондой эле апасы Шахра Талипова, ырчылар Салима Балтаева, Асел Турдалиева, Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов жана башкалар Гулзат Батырканованы эскеришмекчи.

Эскерте кетсек, белгилүү ырчы Гүлзат Батырканова  2015-жылы 2-январда жол кырсыгынан каза болгон.  

Батырканова - КРнын Эл артисти Шахра Талипованын кызы. 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулган. "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө", "Жубайыма" өңдүү бир катар ырлардын аткаруучусу болгон.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14518



Добавить комментарий