“Сармерден” теледолбооруна шайыр жеңе табылды

20 февраля 2018 13:31 1266 Barometr
Поделиться в:
ok

Көпчүлүк сүйүп көргөн «Кыз-жигит Сармерден» берүүсү шайыр жеңесин тапты. 

Долбоордун режиссёру Сагын Ниязалиева: «Сынакка эл арасындагы таланттуу айымдар, артисттер катышышты. Каалоочулардын саны көп болгондуктан кастинг үч этапта өттү. Ар бир баскычтын жыйынтыгында 3-4төн катышуучу тандалып алынган. Жыйынтыктоочу этап 17-февралда болуп, анда ырчы Анара Шаимкулова шайыр жеңе деп табылды. Буюрса, берүүнүн жаңы айлампасы Нооруз майрамына карата өткөрүлмөкчү», — дейт.

Анара Шаимкулова — фольклор ырчысы, «Күтүү», «Таптым сени», «Жароокерим», «Ата-эне» жана башка чыгармалардын аткаруучусу. Эске сала кетсек, «Кыз-жигит сармерден» долбоорунун алгачкы алпаруучусу Гүлзат Батырканова 2015-жылы январь айында жол кырсыгынан көз жумса, андан кийинки шайыр жеңе Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын октябрь айында 40 жашында каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content11867



Добавить комментарий