Арыктоо акыл-эске коркунучтуубу?
Бостон университетиндеги медицина мектебинин окумуштуулары арыктоо адамдын акыл-эсине терс таасирин тийгизерин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалардын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Окумуштуулар аныктагандай, 50-60 жаштагы адамдардын дене салмагынын индекси төмөндөгөн кезде, алардын деменцияга чалдыгып калуу коркунучу жогору болот.
Адистер акыл-эстин кем болушуну алып келген жаңы факторлорду аныктоо үчүн Фремингем изилдөөсү боюнча талдоо жүргүзүшкөн.
Алар адамдардын демографиялык даректерин изилдешкен, ошону менен катар изилдөөгө катышкан 1979-1983-жылкы адамдардын арасында кимдерге деменцияга чалдыгуу диагнозу коюлганына да көңүл бурулган. Ушуга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө адистер акыл-эси кемтик болуга алып келген негизги фактор адамдын жашына байланыштуу деген жыйынтыкка келишкен.
Бирок, изилдөө жумуштарына ылайык 50-60 жаш чамасындагы арык адамдардын толук денелүу катарлаштарына караганда деменцияга көбүрөөк чалдыгару аныкталган.
Деменция деген – жогору психикалык функциялардын өнүгүшүнөн улам акыл-эстин кемтиги.
Ссылка: https://barometr.kg/content14270
Добавить комментарий ×