Милиция сөөктүү таанууга көмөк сурап жатат (абайлагыла, фото)
Сокулук-Шопоков каттамындагы поездге урунуп каза тапкан адамды тааныш үчүн милиция көмөк сурайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
21-апрелде болжол менен саат 06:05те поезд жаңы жүрүп бара жаткан учурда темир жолго 35-40 жаштар чамасындагы эркек киши чыга калган. Поезд чукул тромоз бергенине карабай аны сүзүп алган, эркек киши алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде каза тапкан.
Белгилери: бою 170–175 см, орто бойлуу, бети сүйрү, сакалы, муруту бар, мурду кырдач.
Кара куртка, боз-көгүш түстүү спорттук ветровка, кара түстүү спорттук шым, кара байпак кийип жүргөн.
Милиция каза тапкан адам тууралуу маалымат билгендер болсо 0312 35-12-70, 0700 82-05-05, 0555 82-05-05 телефондоруна байланышууну өтүндү.
Ссылка: https://barometr.kg/content13851
Добавить комментарий ×