Милиция сөөктүү таанууга көмөк сурап жатат (абайлагыла, фото)

27 апреля 2018 14:16 1898 Barometr
Поделиться в:
ok

 Сокулук-Шопоков каттамындагы поездге урунуп каза тапкан адамды тааныш үчүн милиция көмөк сурайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 21-апрелде болжол менен саат 06:05те поезд жаңы жүрүп бара жаткан учурда темир жолго 35-40 жаштар чамасындагы эркек киши чыга калган. Поезд чукул тромоз бергенине карабай аны сүзүп алган, эркек киши алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде каза тапкан.

Белгилери: бою 170–175 см, орто бойлуу, бети сүйрү, сакалы, муруту бар, мурду кырдач.

Кара куртка,  боз-көгүш түстүү спорттук ветровка, кара түстүү спорттук шым, кара байпак кийип жүргөн.

Милиция каза тапкан адам тууралуу маалымат билгендер болсо 0312 35-12-70, 0700 82-05-05, 0555 82-05-05 телефондоруна байланышууну өтүндү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13851



Добавить комментарий