Баштын ооруганы ар түрдүү оорудан кабар берет. Билип алыңыз!

16 апрель 2018 12:31 16909 26 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кээде баш оору пайда болот. Мындай учурда суу көп ичип ооруну басаңдатууга болот. Көп учурда баштын оорусу адам организмине суу жетпегенден келип чыкса кээде адамдагы  айрым олуттуу оорулардан кабар берет.

Белгилүү невролог, доктор Сакиба Куреши баштын ар кайсы бөлүгүнүн оорусу тигил же бул оорудан кабар берүүчү белги болуп саналат деп эсептейт.

Мурундун жана көздүн айланасынын оорушу

Бул  гайморит, сасык тумоо сыяктуу оорудан кабар берет. Кээде ал кан басымды жогорулатып, көздө, чекеде жана маңдайда күчөп ооруйт. Бул учурда С витаминине бай апельсин, лимон өндүү жемиштерди жеген жана көп суюуктук ичкен пайдалуу.

Чекенин оорушу-кан басымдын жогору болушу

Баштын маңдайкы бөлүгүнүн тынбай оорушу кан басымдын жогору болгонунан кабар берет. Ал кээде көздүн айланасын дагы оорутат. Мындай оору көбүнчө катуу стресстен улам пайда болот. Имбирь чайы жана жалбыз (мята) ооруну басаңдатат. Бирок кан басымды өлчөм дарыгерге кайрылган жөн.

Шакый же баштын бир тарабынан оорушу

Баштын бир тарабынан катуу лукулдатып оорушу шакый оорусунан кабар берет. Ал баштын жана жүрөктүн айланышы менен коштолот.

Ооруну болтурбоо жана алдын алыш үчүн спорт менен машыгуу, курамында B12 витамини, магний, омега-3 май кычкылдарды бар азыктарды колдонуу туура.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13419



Добавить комментарий