Баштын ооруганы ар түрдүү оорудан кабар берет. Билип алыңыз!

16 апреля 2018 12:31 16910 26 Barometr
Поделиться в:
ok

Кээде баш оору пайда болот. Мындай учурда суу көп ичип ооруну басаңдатууга болот. Көп учурда баштын оорусу адам организмине суу жетпегенден келип чыкса кээде адамдагы  айрым олуттуу оорулардан кабар берет.

Белгилүү невролог, доктор Сакиба Куреши баштын ар кайсы бөлүгүнүн оорусу тигил же бул оорудан кабар берүүчү белги болуп саналат деп эсептейт.

Мурундун жана көздүн айланасынын оорушу

Бул  гайморит, сасык тумоо сыяктуу оорудан кабар берет. Кээде ал кан басымды жогорулатып, көздө, чекеде жана маңдайда күчөп ооруйт. Бул учурда С витаминине бай апельсин, лимон өндүү жемиштерди жеген жана көп суюуктук ичкен пайдалуу.

Чекенин оорушу-кан басымдын жогору болушу

Баштын маңдайкы бөлүгүнүн тынбай оорушу кан басымдын жогору болгонунан кабар берет. Ал кээде көздүн айланасын дагы оорутат. Мындай оору көбүнчө катуу стресстен улам пайда болот. Имбирь чайы жана жалбыз (мята) ооруну басаңдатат. Бирок кан басымды өлчөм дарыгерге кайрылган жөн.

Шакый же баштын бир тарабынан оорушу

Баштын бир тарабынан катуу лукулдатып оорушу шакый оорусунан кабар берет. Ал баштын жана жүрөктүн айланышы менен коштолот.

Ооруну болтурбоо жана алдын алыш үчүн спорт менен машыгуу, курамында B12 витамини, магний, омега-3 май кычкылдарды бар азыктарды колдонуу туура.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13419



Добавить комментарий

  • Гулайым 5 лет назад
    Менин кызымдын башынын бир капталы ооруп атат жашы 22 де эч кандай дарылана элек эртен врачка баралы дегенбиз бирок сизден кенеш алып даарылансак кандай болоор экен
    • Саламатсыздарбы билгендер кенеш бергилечи мен солжак башым ганита оорут 8ай болду доктурга корундум жыйынтык жок
  • Салам ишинерге ийгилик Менин башым коп жылдан бери ооруп келет догдурга корунсом массаж таблетка жазды ичтим жасадым Кайра эле оору башталып ооруп жатат Кобунчо арка дагы тынымсыз ооруйт Сол капталым чыдатпай ооруп зырылдап оорутат Кенеш берип койунуздарчы суранам Рахмаат
  • Mababatibrahimova 5 лет назад
    Чоң рахмат
  • Саламатсызбы. Менин тобом ооруп, кежигемди ылдый тартып эле ооруй берет. Даары ичем бир кун же уч торт саатка басылат да кайрале ооруй берет бул эмнеден болушу мумкун.
  • Салтанат 4 года назад
    Башым талыгандай ооруйт. Жаздыкта жатсам да башты көтөрүп тургандай талыйт. Анан оң чыкыйым чукуп аткандай ооруйт. Бул эмнеден. Кандай даарыланыш керек . Жооп күтөм.
  • Салтанат 4 года назад
    Менин башымдын бир точкасы эле ойдо жагы ийне менен сайгандай сайгылашат токтоп калат да кайра башташтай ийне менен сайгандай кечинде кобурок сайгылашып ооруйт бул эмнеден нервке суук тийгенден эмеспи
  • Мен Саламатсыздарбы менин башы дын Сол жагы ооруйт муздап таитылышат кээде температура берет эмне кылсам болот
  • Саламатсызбы менин чекем коп ооручу болду кандай жол мн дарыласа болот
  • Саламатсызбы менин башымдын арты ооруп жатат он тарабы эмнеден болушу мумкун
  • Менин башымдын арты ооруп жатат он тарабы эмнеден болушу мумкун
  • Менин башым сол каптал лукулдап ооруп жатат анан дагы башым айланып журогум айланып жатат эмне себептен
  • Менин башымын он чекеси кулака жакын ошол жери 2013жылдан бери ооруйт,кедээ жакшы болуп калат кедээ дагы башталат,томографиягада тушком баары жакшы дейт,уколдорду алгам,баарибир жыйынтык жок,азыркы учурда дагы ооруп атат,эмне кылсам болот,кенеш беринчи,неврологко кайрыла берип чарчадым,жыйынтык жок,желке тарабыма тартып ооруйт
  • Жатканда кээде башымдын жарымы чымырап барып басылат
  • Саламатсызбы? Сиздерден сурайын дегеним менин башымдын арт жагы кара кушум таалып ооруйт 1 жыл болуп калды эмне кылсам болот 😑
  • Саламатсызбы менин башым оорубай дын болуп турат эмне кылсам болот актовегин укол пирацетам укоун алсам жардам береби
  • Менин башымда суу бар экен,томографияга тушсом айты, врачка корунсом даары жазып берди колумда жаш балам бар эмизем ага зыян экен эмне кылсам болот.
  • Саламатсызбы мен уйго келсем эле башым ооруйт ,сыртта эшикте же жумуштан оорубайт?.
  • Швхщада 1 год назад
    Башым оруп атат
  • Менин башым оорубайт ,бирок козум жумулуп жер тегерене берет эмнеден болушу мумкун..