Бишкекте мас айдоочу жаш кызды сүзүп өлтүрдү (абайлагыла видео)
14-апрелде эртең менен Тоголок Молдо жана Чүй проспектиснин кесилишинде жол кырсыгы болуп жаш кыз каза тапты. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Кырсык таңкы саат 04:40та “Россия” кино театрынын маңдайында болгон.
Toyota Camry унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү тебелетип кеткен. Тез жардам 11 мүнөттө келгенине карабай кыз кырсык болгон жерде жан берди.
Айдоочу мас абалында болгону аныкталды. Учурда эркек камакка алынды.
Соцтүйүндүн колдонуучусу Гульнара Ашымова YouTube-каналга унаа кызды сүзүп кеткени тууралуу видеону жарыялады. 2:41 мүнөттө кыздын кырсыкка кабылганын көрүүгө болот. Өзгөчө сезимтал адамдарды видеону көрбөөнү эскертебиз.
Ссылка: https://barometr.kg/content13409
Добавить комментарий ×