Окуучуну сүзүп качып кеткен 19 жаштагы кыз кармалды

11 апреля 2018 15:34 1141 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте окуучу баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Эскерте кетсек, 6-апрелде болжол менен саат 18:20да 7-кичи райондо кара жол тандабастын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтчү жолдон 11 жаштагы окуучу баланы сүзүп кеткен. Окуучу жаракат алып ооруканага жеткирилген. Айдоочу из жашырып кеткен.

Милициялар "Субару-Аутбек" унаасын кармашты. 19 жаштагы айдоочу кыз “окуучуну байкабай калып сүзүп кеттим” деп мойнуна алды.Тергөө башталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13297



Добавить комментарий