Өкмөт эртең “Акылдуу шаар” долбоорун ишке киргизет

11 апрель 2018 16:41 818 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт эртең, 12-апрелде “Акылдуу шаар” долбоорун сынак режиминде ишке киргизет. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында премьер-министр Сапар Исаков маалымдады.

Камералар Бишкектеги үч көчө кесилиштерине орнотулду. Алар: Фрунзе - Ибраимов, Байтик Баатыр-Ахунбаев, Байтик Баатыр-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши.

Буга чейин өкмөт долбоорду өзүнүн күчү менен алып чыгууну көздөп жатканын маалымдаган эле.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13301



Добавить комментарий