Өкмөт «Акылдуу шаар» боюнча келишимден чыгууну чечти

14 марта 2018 17:26 952 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу келишимден чыгууну чечти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын кабарлашты.

Тактап айтканда, милдеттенмелердин аткарылбагандыгы келишим тарабынан аныкталган мөөнөттөрдүн сакталбагандыгына: долбоорду ишке ашыруу боюнча сапатсыз документтердин, атап айтканда, техника-экономикалык негиздеменин сапатсыз даярдалышына жана сунушталышына байланыштуу эсептелет. ТЭН даярдоо процессинде инвесторлор Консорциуму тарабынан КР Өкмөтүнүн функционалдык жана техникалык талаптарынын кеңири чөйрөсү боюнча шарттары сакталган эмес.

Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес. Азыркы тапта, долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти.

«Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок тең-инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдордогу коопсуздугун камсыздоо абалы татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», – деди Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсенкул Момункулов.

Келишим күчүнө кире электигине байланыштуу, инвестициялык келишимдин аракетин жокко чыгарууда КР Өкмөтү кандайдыр бир юридикалык жана экономикалык кесепеттерге кириптер болбойт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12438



Добавить комментарий