“Электр станцияларынын” директору Узак Кыдырбаев камакка алынды
Бөлүшүү:
“Электр станциялары” компаниясынын башкы директору Узак Кыдырбаев камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, 2-апрелде Бишкек ТЭЦинде болгон авария боюнча “Электр станцияларынын” айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.
Узак Кадырбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Ал УКМКнын абагына камалды. Тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content13090
Добавить комментарий ×