“Электр станцияларынын” директору Узак Кыдырбаев камакка алынды

4 апреля 2018 11:08 616 Barometr
Поделиться в:
ok

“Электр станциялары” компаниясынын башкы директору   Узак Кыдырбаев камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.   

Аталган маалыматка таянсак, 2-апрелде Бишкек ТЭЦинде болгон авария боюнча “Электр станцияларынын” айрым кызматкерлерине  кылмыш иши козголгон. 

Узак Кадырбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Ал УКМКнын абагына камалды. Тергөө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content13090



Добавить комментарий