Жер 15-апрелге чейин кооптуу мезгилге кирди

29 март 2018 16:34 1401 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“24-марттан 14-апрелге чейин астрологиялык көрүнүштөрдүн бири болгон Меркурийдин ретрограддык кыймыл мезгилине кирди”,-дейт асман телолорун изилдеген адис Анжелика Журавская.  

Ретрограддык кыймыл бул Жердин жана Меркурийдин Күнгө карата ар кандай ылдамдык күчү менен жылуусунан улап келип чыгуучу оптикалык феномен. Меркурий бир жылда 3-4 ирет ретрограддык болот.

“Бул мезгилде маанилүү чечимдерди кабыл албоо зарыл. Бул астрономиялык кубулуш учурунда көңүл буруу, бир нерсеге ынтаа коюу төмөндөйт, мындан улам ката кетирүү көбөйөт. Мекеме жана турмуш-тиричилик техникасы, байланыш каражаттары сынат же жакшы иштебей калат. Адамдын чечим кабыл алуусу, ойлонуусу жайлайт”,-дейт Журавская.

    

Ссылка: https://barometr.kg/content12903



Добавить комментарий