Юпитерде болуп жаткан түбөлүк шамал басылганы калды. Жерге таасир береби? (видео)

16 марта 2018 17:51 1215 Barometr
Поделиться в:
ok

Юпитерде болуп жаткан түбөлүктүү шамал токтогону калды. NASAнын окумуштуулары муну жакынкы жылдары  болот деп күтүп жатышат. Бул тууралуу isra.com. сайты кабарлады.

““Юпитердин кызыл көзү” деп аталган шамал акыркы 150 жылда абдан эле басаңдап калган жана таптакыр токтоп калышы ыктымал”,-деп тынчсызданып жатышат NASAнын адистери.

Аталган планетанын бетиндеги  кызыл так же катуу броон чындап келгенде Жердей болгон үч планетаны жутуп ала турганчалык күчкө ээ. Аны 1831-жылы алгач ирет байкашкан.

Учурда NASAда кызыл такты аныктай турган бүтүндөй бир бөлүм иш алып барат. 2014-жылы анын түсү кызыл эмес ачык кызыл болуп калганын белгилешкен. Бул андагы радиациянын өзгөрүшүнөн кабар берет.

NASAнын окумуштуулары “жакынкы жылдары бул так таптакыр жоголот башкача айтканда бороон басылат”,- деп эскертишүүдө. “Анын Жерге карата таасири канчалык болот байкоого алган кызык дейт”,-окумуштуу Рик Косентино.

Бул видеодон Юпитердеги түбөлүк шамалды көрсөңүз болот.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12523



Добавить комментарий