Экс-президенттин пенсиясы 5 миң сомго жетпейт. Прокурорлор 90 миң сом алат
Бөлүшүү:
Кыргызстандын экс-президенти пенсия үчүн 5 миң сомго жетпеген акча алат, ошол эле маалда прокурорлор 90 миң сомдон пенсия алышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков маалымдады.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзам үчүнчү окууда каралды.
Бул билдирүүгө Социалдык фонддун башчысы Тенизбек Абжапаров экс-президенттердин пенсиясы анын президенттик кезинде алган айлыгынын 70 пайызын түзө турганын айтып жооп узатты.
Ссылка: https://barometr.kg/content12442
Добавить комментарий ×