Экс-президенттин пенсиясы 5 миң сомго жетпейт. Прокурорлор 90 миң сом алат

14 марта 2018 18:56 1186 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын экс-президенти пенсия үчүн  5 миң сомго жетпеген акча алат, ошол эле маалда прокурорлор 90 миң сомдон пенсия алышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков маалымдады.   

Белгилей кетсек, бүгүн парламентте мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзам үчүнчү окууда каралды.

Бул билдирүүгө Социалдык фонддун башчысы Тенизбек Абжапаров экс-президенттердин пенсиясы анын президенттик кезинде алган айлыгынын 70 пайызын түзө турганын айтып жооп узатты.

Ссылка: https://barometr.kg/content12442



Добавить комментарий