Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун курамы өзгөрдү

9 январь 2018 12:20 1102 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) президиумунун курамы өзгөрдү.

Премьер-министрдин буйругу менен, курамга өзгөртүүлөр киргизилди.

Президиумдун курамына эми төмөнкү мүчөлөр кирди:

Тыналиева Бакыт Карыбековна

-

ЖАК төрагасы;

Акматалиев Абдылдажан Амантурович

-

Филология илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын (УИА) академиги, профессор;

Жуматаев Мурат Садырбекович

-

УИА президенти, академик, техникалык илимдердин доктору, профессор;

Женчураева Розалия Жаманкуловна

-

геологиялык-минералдык илимдеринин доктору, профессор, КР УИА академиги;

Ишекеев Назаркул Ишекеевич

-

КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору, профессор;

Койчуев Турар Койчуевич

-

Экономика илимдеринин доктору, профессор, УИА академиги;

Муратов Абдиманнап Аттокурович

-

Билим берүү жана илим министринин орун басары – Билим берүү жана илим министрлигинин Илим департаментинин директору, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Мукасов Ысмакаалы Мукасович

-

Философия илимдеринин доктору, профессор, УИА корреспондент-мүчөсү;

Ожукеева Токон Ожукеевна

-

Тарых илимдеринин доктору, профессор, КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору;

Плоских Владимир Михайлович

-

Тарых илимдеринин доктору, профессор, УИА академиги;

Содомбеков Ишенбай

-

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токой чарбасы жана агрономия факультетинин токойчулук жана жемиш өстүрүүчүлүк кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор;

Сыдыкова Лейла Чынтургановна

-

Кыргыз-Орус славян университетинин илимдер боюнча проректору, юридика илимдеринин доктору, профессор;

Сулайманкулова Саадат Касымбаевна

-

Химия илимдеринин доктору, профессор, КР УИА химия жана химиялык технологиялар институтунун бөлүм башчысы;

Түлөбаев Аскарбек Зарлыкович

-

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ветеринария факультетинин фундаменталдык илимдер бөлүмүнүн профессору, профессор, ветеринария илимдеринин доктору;

Чекеев Асылбек Асакеевич

-

физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10510



Добавить комментарий