Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун курамы өзгөрдү
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) президиумунун курамы өзгөрдү.
Премьер-министрдин буйругу менен, курамга өзгөртүүлөр киргизилди.
Президиумдун курамына эми төмөнкү мүчөлөр кирди:
Тыналиева Бакыт Карыбековна |
- |
ЖАК төрагасы; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович |
- |
Филология илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын (УИА) академиги, профессор; |
Жуматаев Мурат Садырбекович |
- |
УИА президенти, академик, техникалык илимдердин доктору, профессор; |
Женчураева Розалия Жаманкуловна |
- |
геологиялык-минералдык илимдеринин доктору, профессор, КР УИА академиги; |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич |
- |
КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору, профессор; |
Койчуев Турар Койчуевич |
- |
Экономика илимдеринин доктору, профессор, УИА академиги; |
Муратов Абдиманнап Аттокурович |
- |
Билим берүү жана илим министринин орун басары – Билим берүү жана илим министрлигинин Илим департаментинин директору, медицина илимдеринин доктору, профессор; |
Мукасов Ысмакаалы Мукасович |
- |
Философия илимдеринин доктору, профессор, УИА корреспондент-мүчөсү; |
Ожукеева Токон Ожукеевна |
- |
Тарых илимдеринин доктору, профессор, КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору; |
Плоских Владимир Михайлович |
- |
Тарых илимдеринин доктору, профессор, УИА академиги; |
Содомбеков Ишенбай |
- |
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токой чарбасы жана агрономия факультетинин токойчулук жана жемиш өстүрүүчүлүк кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор; |
Сыдыкова Лейла Чынтургановна |
- |
Кыргыз-Орус славян университетинин илимдер боюнча проректору, юридика илимдеринин доктору, профессор; |
Сулайманкулова Саадат Касымбаевна |
- |
Химия илимдеринин доктору, профессор, КР УИА химия жана химиялык технологиялар институтунун бөлүм башчысы; |
Түлөбаев Аскарбек Зарлыкович |
- |
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ветеринария факультетинин фундаменталдык илимдер бөлүмүнүн профессору, профессор, ветеринария илимдеринин доктору; |
Чекеев Асылбек Асакеевич |
- |
физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору. |
Ссылка: https://barometr.kg/content10510
Добавить комментарий ×