Эртең Евразия биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешмеси өтөт

6 март 2017 11:49 384 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 7-мартта премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Жыйынга Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларус премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения өкмөт башчысы Карен Карепетян катышат. Аталган мамлекеттин  өкмөт башчылары интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууга багытталган маанилүү маселелерди талкуулап чечимдерди кабыл алышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1032



Добавить комментарий