Эртең Евразия биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешмеси өтөт
Поделиться в:
Бишкекте 7-мартта премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Жыйынга Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларус премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения өкмөт башчысы Карен Карепетян катышат. Аталган мамлекеттин өкмөт башчылары интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууга багытталган маанилүү маселелерди талкуулап чечимдерди кабыл алышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1032
Добавить комментарий ×