Цирктин башкы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотулду

20 декабрь 2018 09:35 773 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маданият министринин басма сөз кызматы маалымдады. 

Курмангазы Исанаевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү буйрукка  Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Исанаев Курмангазы Жусупказиевич башкы директор кызматына 2004- жылы 6- октябрда Кыргыз Республикасынын ошол кездеги премьер- министри тарабынан дайындалган.

"Өкмөттүн 2013 –жылдын 3- майындагы № 236 токтому менен бекитилген жобого ылайык, маданият министри өз номенклатурасына кирген ведомстволук мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот"-деп жазылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/cirktin-bashky-direktoru-kurmangazy-isanaev-eelegen-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий