"Чырактай жаш балдар экен". Чек арада каза болгондордун тизмеси

30 апрель 2021 18:10 2861 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда каза болгон 13 кыргыз жарандарынын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, чек арадагы кагылышуудан 134 адам жаракат алып, 13 киши көз жумган.

Кагылышуу учурунда каза болгон жөнөкөй тургундар:

Каратаев Сагын Калбаевич, Көк-Таш айылынын 1977-жылы 26-июлда туулган тургуну;

Тагаев Сүйүн Ураимович, Баткен шаарынын 1969-жылы 14-мартта туулган тургуну;

Каработоев Алтынбек Жалилович, Кадамжай шаарынын 1982-жылы 18-майда туулган тургуну;

Адбрахманов Баяман Гапарович, Баткен шаарынын 1998-жылы туулган тургуну;

Үсөн уулу Рашид, Баткен шаарынын 1973-жылы туулган тургуну;

Ганиев Жамшит Кайимович, 1990-жылы туулган;

Рахматжанова Мадина, 2009-жылы туулган;

Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч, 1985-жылы туулган.

Абдугапар уулу Мырза, 1991-жылы туулган

Чыңгызбек Темиров, 1994-жылы туулган

Аскер кызматкерлери:

Манасбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган — 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан;

Юлдашев Бекзат Давлатжанович, 1991-жылы туулган — 2021 аскер бөлүгү.

Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович, 1991-жылы туулган, 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири, капитан.

“Барометрдин” жамааты каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Чек арада курман болгон жарандарды биз баатыр деп тааныйбыз. Сиздердин жакындарыңыздар мекен үчүн жан аябай күрөшүп, баатырларча курман болушту.

Ссылка: https://barometr.kg/chyraktaj-zhash-baldar-eken-chek-arada-kaza-bolgondordun-tizmesi



Добавить комментарий