Чынчыл бала Нурдин Сулаймановдун акчасын, документтерин, банктык карточкаларын кайтарып берди
Бөлүшүү:
Кыргызстандык Руслан аттуу бала Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун акчасы, банктык карточкалары, документтери бар капчыгын таап алып кайтарып берди.
Бул тууралуу маалыматты Нурдин Сулайманов өзүнүн facebook’тагы баракчасына жазды.
Кызыгы ал бала документтер жоголгондугу тууралуу жарыяны көргөн эмес. Банктык кагаздардын биринен телефон номерди көрүп, бүгүн чалып, аманатты алып келип бериптир.
Сулайманов ал бала менен чогуу сүрөткө түшүп, баракчасына жайгаштырып, ага ыраазычылык айтат.
Добавить комментарий ×