Чынар Капарованын айланасында кайрадан табышмак
Журналист Чынар Капарова кимдир бирөө буйрутма менен менден интервью алдыртып жатат деген пикирин айтты. Бул тууралуу журналист айым өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына:
"Урматтуу достор! Бүгүн мага Таластан кайын журтумдан телефон чалуу болду! Менин жолдошум, мен жана балдарыбыз жөнүндө ар башка суроолорду берип, эки жигит телефондун диктофонуна жашыруун жаздырып кетишкен. Өздөрүн КТРден келдик деп тааныштырган. Кайын журтум менин барып тураарымды, кол үзбөй, куран окутуп, аш-тойлордон калбасымды айтыптыр! Өз оюңду ачык айткан адамга Ак үйдөн куугунтукпу, же Илим Карыпбековдун жеке буйрутмасыбы? Жакында билебиз", -деп пост жазып чыкты.
Муну менен Капарова "мага дагы бир тузак даярдалып" жатат деген ойдун башын кылтыйткандай болду.
Постко журналист айымдын тарапташатары "Ак ийилет, бирок сынбайт", "акылсыздар эми ушинтип жапайычылык жасашат", "сак болуңуз" деген өңдүү бир катар колдоочу пикирлерин жазып калтырышууда.
Добавить комментарий ×