Чукул кабар. Бишкекте катуу шамал күтүлөт

18 январь 2019 13:44 1218 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө 18-январда түштөн кийин жана кечинде  ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Катуу шамалга байланыштуу министрлик шаар тургундарын сак болууга чакырды. Себеби, ылдамдыгы 18-23 метрге жеткен шамал үй чатырларын учуруп, бак-дарактардын сынып кулашына алып келет. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/chukul-kabar-bishkekte-katuu-shamal-ktlt



Добавить комментарий