Чолпон Талипбек: "Уктап калып, Максатты куттуктабай калыптырмын"

1 февраль 2019 10:33 1917 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Чолпон Талипбек ырчы Максатты жана түгөйү Айсулууну куттуктады. 

Ал жеке баракчасына: "Кечээ эрте уктап калып, бүт жаңылыктарды өткөрүп жибериптирмин. Бири-бирине татыктуу бактылуу түгөйлөрдү жаңы статусу менен куттуктаймын. Бактылуу болгула!"-деп жазды.

Пикир калтыруу бөлүмүндө ырчы Чолпонго: "Сен дагы бактылуу бол! Сен жок Максат чыкпай деле калат экен. Ошентсе дагы түгөйү менен бактылуу болсун!"-деген каалоо-тилектер жазылды. 

Ал эми "Кечээ уктап калыпмын"-дегенинен күйөрмандарын көбү "Эмнеге көп жылдардан бери иштешип жүрсөң, сени чакырбай коюшту?"-деген суроолорду байма-бай берип жатышат. 

Эске салсак, кечээ 31-январда мурдагы Нон-Стоп тобунун солисти Максат сүйүктүүсунүн колун сураган.


Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-talipbek-uktap-kalyp-maksatty-kuttuktabaj-kalyptyrmyn



Добавить комментарий