Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп ИИМде иштеген адам шайланды
Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Талант Сарбагышев шайланды. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 19-октябрда өткөн шайлоодо анын талапкерлиги үчүн шаардык кеңештеги 20 депутаттын 12си добуш берген.
Чолпон-Ата шаардык кеңешинде КСДП, “Улуу Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Табылга” жана “Республика” фракциялары бар.
Талант Сарбагышев буга чейин ИИМде иштеп келген. 42 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын жаңы мэри 2017-жылы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ал Бишкектеги милиция мектебинде окуган.
Ал эми Чолпон-Ата шаарынын мурунку мэри Карыбек Саралаевди шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө жолу менен жумуштан кетирген.
Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-ata-shaarynyn-meri-bolup-iimde-ishtegen-adam-shajlandy
Добавить комментарий ×