Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп ИИМде иштеген адам шайланды

19 октябрь 2018 14:40 4012 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Талант Сарбагышев  шайланды. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Бүгүн, 19-октябрда өткөн шайлоодо анын талапкерлиги үчүн шаардык кеңештеги 20 депутаттын 12си добуш берген. 

Чолпон-Ата шаардык кеңешинде КСДП, “Улуу Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Табылга” жана “Республика” фракциялары бар. 

Талант Сарбагышев буга чейин ИИМде иштеп келген. 42 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын жаңы мэри  2017-жылы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ал Бишкектеги милиция мектебинде окуган. 

Ал эми Чолпон-Ата шаарынын мурунку мэри Карыбек Саралаевди шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө жолу менен жумуштан кетирген.

Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-ata-shaarynyn-meri-bolup-iimde-ishtegen-adam-shajlandy



Добавить комментарий