Чочкого суук тийип калат деп тизесине отургузуп унаа айдаган киши кармалды

2 апрель 2019 13:39 2208 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Полициялар жол эрежесин бузган айдоочуну токтотуп алып таң калгандыктарынан эмне кыларын билбей калышты.  Анткени айдоочунун тизесинде доңуз бараткан экен. Бул тууралуу Associated Press булагы кабарлады.

АКШнын Миннесота штанында полициялар доңузду унаага салып, ал аз келгенсип тизесине отуругузуп, буга кошумча алдыңкы орундукка дагы бир чочко салып алып бара жаткан айдоочуну кармашты. Доңуздун салмагы болжол менен 250 килограмм чыгат. 

Айдоочу айбанаттарга суук тийип калат деп ушундай абалда унаа айдаганга мажбур болгонун айтты.

Чизаго округунун шерифи бул тууралуу Твиттерга жазды. Ал ушуга чейин таң калыштуу жоруктарды жасаган бир нече айдоочуну көргөнүн, бирок мындай окуяга биринчи ирет кабылып жатканын жарыялады.

Ссылка: https://barometr.kg/chochkogo-suuk-tijip-kalat-dep-tizesine-oturguzup-unaa-ajdagan-kishi-karmaldy



Добавить комментарий