Чоң салтанат менен өткөн тойдун 2-бөлүгү болуп өттү. Аваз менен Айдананын тоюндагы өзгөчөлүктөр

27 март 2019 13:35 1723 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Аваз акимов менен Айдана Деканын заманбап үйлөнүү тоюнун 2-бөлүгү кечээ Бишкектин тойканаларынын биринде болуп өттү. Тойго эки жаштын жоро жолдоштору, кыргыз коомчулугуна төбөсу көрүнгөн өнөр адамдарынын баары, ырчылар, чоорчулар, бийчилер, чыгармачыл инсандар, тамашоучу жигиттер жадакалса айрым теле каналдардын журналисттери да чакырылды.

Буга чейин тойдун 1-бөлүгү Ош шаарында 16-мартта болуп өткөн. Анда жаш жылдыздуу үй-бүлөгө өкүл ата жана өкүл апа болуп Самара Каримова жана жолдошу Асан Мансуров шайланган.

Той чоң салтанат менен өтүп келген коноктор ырдап, бийлеп чер жазып кетишти. Тойдун дагы бир өзгөчөлүгу Айдана Дека жолдошу Аваз Акимовго арнап курбулары менен бийлеп берди. Бийчилердин катарында репер Баястандын кош бойлуу жубайы Зулфиянын бийлегени да көзгө илинди.

Тойго Стамбулдан Урмат Усенов, Неля Нуркулова, Нурлан Насип да учуп келүүгө жетишишти.

Акыркы учурларда модага айланган салтты бузбай Айдана Дека да той учурунда бир нече ирет үлпөт көйнөгүн алмаштырып элдин көңүлүн бурду.

2 бөлүккө бөлүнүп өткөрүлгөн той жакшы калоо-тилектерге, жагымдуу көз ирмемдерге бай болду.

Эске салсак, 2019-жылдын 14-февралында эл алдында Аваз сүйүктүүсү Айдананын колун сурап макулдугун алган. Буга чейин ырчылар 4 жылдык мамилесин элден жашырып келгенин Айдананын туулган күнүндө ачыкташкан эле.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-saltanat-menen-tkn-tojdun-2-blg-bolup-tt-avaz-menen-ajdananyn-toyundagy-zgchlktr



Добавить комментарий